Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Прокурор Союзбек Сарыков сот имаратынын терезесинен качып кеткенин тастыктады


Сарыковго байланыштуу чырлуу видеодон алынган скриншот.
Сарыковго байланыштуу чырлуу видеодон алынган скриншот.

Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Союзбек Сарыков Ош шаардык сотунун имаратынын терезесинен качып кеткенин «Азаттыкка» тастыктап, айла жоктон ушул кадамга барганын айтты.

Анын судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда Интернетке тараган. Тасмада ал катышкан сот отурумундагы кишилер коридордо Сарыковду адилетсиздикке байланыштуу айыптап, урушуп, жулмалашканын көрүүгө болот. Ошондой эле отурумга мас абалында келгенин айтып, нааразылык билдиришкен.

«Коопсуздугумдан коркуп качканмын. Ал жерде прокуратуранын бир да кызматкери жок эле. Мени коргоп кала турган кызматкерлер болгон жок. Жумушумду бүтүрүп, коридорго чыгып кетип баратканымда мага кол салышты. Корктум. Судьянын бөлмөсүнө качып кирип, судьянын уруксаты менен качып кутулганга аргасыз болдум»,- деген Сарыков мас болгону тууралуу айтылган кептерди четке какты.

Ош облустук прокуратурасында Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүүдө. (DU\SE)

XS
SM
MD
LG