Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Мамытов Казакстандын Эгемендик күнү менен куттуктады


Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен бул өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди өлкөнүн Эгемендик күнү менен куттуктады.

Касым-Жомарт Токаевге жиберген куттуктоосунда Мамытов: «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген эки тараптуу мамиле биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тынымсыз өнүгүп, тереңдей берет деп ишенем», деп белгиледи.

Ал эми Нурсултан Назарбаевге Мамытов «эки боордош элдин кылымдардан бери келе жаткан достукка негизделген ынак коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем» деген каалоосун билдирди.

Буга чейин Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев «Хабар» агенттигиндеги маегинде Кыргызстандагы 2005-2010-жылдагы ыңкылап тууралуу кеп козгоп, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып кеткенин айткан эле.

Нурсултан Назарбаев - Борбор Азиядагы өз өлкөсүн эң узак башкарган президент. Ал өз өлкөсүн 1990-жылдан баштап башкарып, 2019-жылы кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Өзү Казакстандын Коопсуздук кеңешинин башчысынын кызматын сактап калган.

Казакстандагы эгемендик күнү 1990-жылдан бери 16-17-декабрда белгиленип келет.

Кыргызстан менен Казакстандын түбөлүк достугу тууралуу келишимди тараптар 1998-жылы кабыл алышкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG