Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Өгөй атасы урган бала балдар бакчасына жайгаштырылууда


Өгөй атасынан кордук көргөн баланын бети жашырылган сүрөтү.
Өгөй атасынан кордук көргөн баланын бети жашырылган сүрөтү.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Сокулук районунда өгөй атасынын зомбулугуна учураган балага байланыштуу териштирүү иштери уланып жатканын кабарлады. Азыркы тапта бала Ат-Башы районунда таэнесинин багуусунда.

Райондук администрация баланы жеке коргоо планына ылайык бала бакчага жайгаштырып, андан ары мектепке даярдануусуна жардам бермекчи. Ошондой эле медициналык кароодон өтүп турат.

Адистер азыркы учурда жабыр тарткан тестиердин психологиялык абалы канаттандырарлык экенин аныкташты. Ат-Башы райондук социалдык өнүктүрүү жана эмгек башкармалыгы баланын кызыкчылыгын сотто жана башка органдарда коргомой болду.

17-ноябрда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, чогултулган материал Сокулук райондук милициясына жиберилген. Кылмышка шектүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени, сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин жана Чүй облустук милициясынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынганы кабарланган.

22-ноябрда социалдык тармактарда көзү, бети кан жалаган баланын ооруканада жаткан сүрөтү тараган. Интернет колдонуучулар баланы өгөй атасы урганын, энеси уулун алып качып чыкканын жазышкан.

Сабалган баланын апасынын юристи Шердор Абдыкапаров 23-ноябрда сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин, милицияга тосмо арыз жазганын билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG