Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Ташкентте көмүскө иштеген үч диний мектеп жабылды


Медреселердин биринде сабалган бала. Ташкент. Өзбекстан. 15-декабрь, 2020-жыл.
Медреселердин биринде сабалган бала. Ташкент. Өзбекстан. 15-декабрь, 2020-жыл.

Ташкентте жаза катары окуучуларын сабап, атайлап ачка кармаган көмүскө иштеген үч диний мектептин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Yoshlar телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө диний мектептер Ташкенттеги үч үйдө ачылганы белгилүү болгон.

Алардын биринде 17, экинчисинде 11 жана үчүнчүсүндө төрт жашы жете элек бала билим алып келген.

Телеканалдын репортажында мектептерде таяк, бычак жана пневматикалык куралдар табылганы белгиленген. Мындан тышкары мектептин ээлеринин телефондорунда диний-экстремисттик агымдар менен террордук уюмдардын жетекчилеринин жихадга чакырган аудио жана видеотасмалары болгон.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз иштеген диний мектептерди ачкан адамдарды жоопко тартуу маселеси каралууда.

XS
SM
MD
LG