Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөт

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун жарым финалдык беттешинде. 15-декабрь, 2020-жыл. Белград, Сербия.
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөт.
Ал алгач беларус Анна Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык Алина Бережна Стадник-Махиняны (6:6) утуп, финалдык таймашка жолдомо алды. 16-декабрда Жуманазарова чехиялык Адэла Ханзликова менен алтын байге үчүн күрөшөт. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.
Бул күнү дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн орусиялык Екатерина Букина менен күрөшөт. Ал жарым финалда германиялык Аллин Роттер Фокенге жеңилген. Ага чейин чейрек финалда болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде уткан.
Күрөш боюнча Дүйнө кубогу 12-декабрда башталган. Алгач грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту. 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медал тагынса, Руслан Царев (72 кг.) менен Калы Сулаймановго (63 кг.) коло медал буюрду.
Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштар бар. Кыргыз балбандары жети салмакта күч сынашат. Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг.), Улукбек Жолдошбеков (61 кг.), Эрназар Акматалиев (65 кг.), Исламбек Орозбеков (70 кг.), Саякбай Усупов (74 кг.), Арсалан Будажапов (79 кг.) жана Айаал Лазарев (120 кг.) килемге чыгат. Дүйнө кубогунун мелдештери 18-декабрга чейин уланат. (GT/EСh)
Дүйнө кубогунда намыс талашкан кыргыз кыздары
1/15Балбан Айсулуу Тыныбекова 14-декабрда кыз-келиндер арасында 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
2/15Тыныбекова финалга чейин үч атаандашын - алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду, жарым финалда Любовь Овчарованы жеңди.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
3/15 Айсулуу Тыныбекова менен латвиялык балбан Анастасия Григорьеванын Дүйнө кубогунун финалдык беттешинде күрөшүп жаткан учуру.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
4/15Айсулуу финалда мыкты күрөштү. Беттеш башталгандан тартып эле ыкма жасап, упай артынан упай алып жатты.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
5/15Айсулуу Тыныбекова менен Анастасия Григорьева.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
6/15Финалдык беттештин бүтөөрүнө бир нече секунда калганда Айсулуу Тыныбекова атаандашы Анастасия Григорьеваны жерден дээрлик толук көтөрүп, далысы менен жерге чапты. Бул ыкмасы үчүн беш упай берилди.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
7/15Жыйынтыгында 14:0 эсеби менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медалдын ээси болду.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
8/15Сүрөттө: Анастасия Григорьева Айсулуудан жеңилип калганына ыза болуп жатат.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
9/15Айсулуу бул Дүйнө кубогунда төрт жолу беттеш өткөрүп, төрт атаандашын тең ири (10:0, 10:0, 13:2, 14:0) эсеп менен утту. Алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени (10:0), чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду (10:0) уткан. Жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
10/15Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунун алтын медалын тагынып турган учуру.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
11/15Балбан Мээрим Жуманазарова 15-декабрда күрөшкө түшүп, эки атаандашын утуп, финалга чыкты.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
12/15Мээрим Жуманазарова жарым финалда украиналык Алина Бережнаны утуп алды. Эми ал финалда чехиялык Адэла Ханзликова менен күч сынашат.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
14/15Айпери Медет кызы жарым финалда германиялык балбан Аллин Роттер Фокенге жеңилди.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
15/15
Дүйнө кубогу Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жатат. Мелдеш 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнөн балбандар күч сынашты.