Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Орусияда маяна берилбегенине нааразы болгон тажик мигранттары курулуш объектисин талкалап кетти


Орусиянын Миграция кайгуул кызматынын өкүлү курулушта иштеген мигранттар менен. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын Миграция кайгуул кызматынын өкүлү курулушта иштеген мигранттар менен. Иллюстрациялык сүрөт.

Екатеринбургда «СтройГрад» фирмасында иштеген тажик мигранттары айлык акы берилбей жатканына нааразы болуп, жаңы курулуп жаткан объектинин ички дубалдарын талкалап кетти.

«Келишим боюнча иш берүүчү бизге аткарылган жумуш үчүн дароо айлыгыбызды төлөп бериши керек болчу. Төлөп берген жок», - деди мигранттардын бири.

«СтройГрад» фирмасынын жетекчиси Светлана Бурук мигранттар жума күнү 162 чарчы метр аянтты шыбап бүтүргөнүн, инженер ишти кабыл ала электе дубалдарды талкалап кетишкенин айтты.

«Инженер жасалган ишти кабыл алып, акт түзгөнгө чейин мен аларга айлык төлөй албайм. Бул пункт келишимде жазылган. Бирок алар инженерди күтпөй, ички дубалдарды талкалап кетишти», - деди ал.

Анын айтымында, жумушчулар курулуш инструменттерин ала кетишкен, мигранттар болсо муну курулай доомат деп аташты. Светлана Бурук фирма 400 миң рублге зыян тартканын, мындан улам полицияга кайрылганын билдирди.

Орусия бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө тажикстандык 1 миллиондон ашуун жаран жашайт. Коронавирус пандемиясынан улам эмгек мигранттарынын бир бөлүгү мекенине кайткан.

Жакында Орусиянын курулуш министрлиги өлкөнүн 50 аймагында жумуш күчү жетишпей жатканын билдирип, чет өлкөлүк мигранттардын өлкөгө киришине жеңилдик берүү каралып жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG