Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге алды


Мээрим Жуманазарова.
Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алтын байге алды. Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңди.

Мээрим Жуманазарова бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Ал алгач беларус Анна Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык Алина Бережна Стадник-Махиняны (6:6) уткан.

Бул күнү дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге алды. Ал 3-орун үчүн таймашта орусиялык Екатерина Букина менен күрөшүп, 11:8 эсебинде жеңишке жетти.


Ушуну менен кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын эсебине Дүйнө кубогунан үчүнчү байге жазылды. Буга чейин бир күн мурда 62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынган.

Күрөш боюнча Дүйнө кубогу 12-декабрда башталган. Алгач грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту. 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынса, Руслан Царев (72 кг) менен Калы Сулаймановго (63 кг) коло медаль буюрду.

Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштар бар. Кыргыз балбандары жети салмакта күч сынашат. Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Эрназар Акматалиев (65 кг), Исламбек Орозбеков (70 кг), Саякбай Усупов (74 кг), Арсалан Будажапов (79 кг) жана Айаал Лазарев (120 кг) килемге чыгат. Дүйнө кубогунун мелдештери 18-декабрга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG