Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Таласта салыктын суммасын төмөндөтүү фактысы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткарышынын натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын төлөөдө жалпы сумманы төмөндөтүү фактысына жол берилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунда жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири 5 миллион сом өлчөмүндөгү милдеттүү салык төлөмдү төлөбөй жүргөн. Факт боюнча, сотко чейинки териштирүү ишиндеги материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө уланып жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG