Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Кадамжайда социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери иш таштады


Кадамжай шаары.
Кадамжай шаары.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кадамжай райондук башкармалыгынын кызматкерлери эки күндөн бери жумушка чыкпай, башкармалыктын жетекчисине нааразылык билдирип турушат.

Башкармалыкта 29 кызматкер болсо, анын 26сы жумуштан кетүү боюнча жалпы арыз жазганын айтышууда.

2019-жылы жумушта кетирген кемчиликтери үчүн деген жүйө менен кызматынан четтетилишин мыйзамсыз деп соттун чечими менен 17-декабрда кайрадан жумушка дайындалган жетекчиси Гүлбарчын Осмоновага эмгек жамаат нааразылык билдирип жатат.

Башкармалыктын кызматкерлери министрликке, өкмөткө жана Жогорку Кенешке маселени чечип берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Азырынча кайрылууга жооп бериле элек.

Нааразы болгон жамаат менен Кадамжай районун акиминин милдетин аткаруучу Абдыманап Жакбаров жолугушуп, маселени министрлик чечерин, жамааттын талабын жеткирерин айтып таратты. Нааразылыкка чыккан эмгек жамааты болсо башкармалыктын жетекчиси жумуштан кетмейинче ишке чыкпай турганын билдирүүдө.

Гүлбарчын Осмонова 17-декабрда соттун чечими негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин буйругу менен Кадамжай райондук башкармалыгына кайрадан өз кызмат ордуна келгенин айтты. Ал эмгек жамааты менен жолугуша элек экенин, каалоочулар кызматына кетип, арасында кайрадан ишин улантчулар да бар экенин билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG