Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Садыр Жапаров Адахан Мадумаровдун дооматына жооп берди


Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров.
Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров.

Президенттик шайлоого талапкерлердин бири Садыр Жапаров дагы бир талапкер Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринен айткандарына жооп кайтарды.

«Адахан Кимсанбаевич «көлгө барсам мени киргизбей, административдик ресурс колдонулду» деп айткан экен. Жок, андай эмес. Мен бардык аймактарга айтып жатам, «кайсы талапкер болбосун кучак жайып тосуп алгыла» деп жатам. Программасын уккула, жакшынакай узатып койгула. Анан программасына карап көкүрөгүңөр менен өз каалооңорго жараша добуш бергиле», - деди Жапаров Өзгөн районунда шайлоочулар менен жолугушуу маалында.

Ал ошондой эле мугалимдерди, мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо өнөктүгүнө тартууга каршы экенин да кошумчалады.

Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Коомдук телерадио компаниядагы түз эфирде өзүнүн тарапкерлери опузага кабылып жатканын айткан.

«Мен эл менен биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Тилекке каршы, мына ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага «бизде жаш азаматтар пайда болду, «эгерде кимде-ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз» деп айтышты» дешти мага», - деди КТРКнын түз эфиринде.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүү тобу Мадумаровдун айткан маалыматын териштирип жатат жатат. 17-декабрда бул тууралуу маалымат Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберилгенин БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталган. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт.

Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыгууга акылуу.

16-декабрда президенттикке дагы бир талапкер, Кой-Таш иши боюнча үй камагында отурган Равшан Жээнбековдун аймактарды кыдырышына сот уруксат берген эмес.

Президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG