Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Көлбаев Дзюдо федерациясынын президенти болуп кайра шайланды


Кыргыз спортчулары.
Кыргыз спортчулары.

17-декабрда Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын отчёттук-шайлоо конференциясы өттү. Анда Жолдошбек Көлбаев федерациянын президенттигине кайрадан шайланды. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.

Конференцияда: «Мындан туура төрт жыл мурда силер мага ишеним артып федерациянын башына койгонсуңар. Өтүп кеткен төрт жылда өтө чоң, фантастикалык ийгиликтерге жетиштик. Эми мындан ары да мага ишеним көрсөткөнүңөр үчүн ыраазымын», - деди Көлбаев.

Ал буга чейин да федерацияны жетектеп келген. Федерациянын президентин шайлоо төрт жылда бир өткөрүлөт.

Отчёттук-шайлоо конференциясына Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов, Дзюдо федерациясынын машыктыруучулары, калыстары жана кыргыз спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Дзюдо федерациясынын президентинин агасы Камчыбек Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде уюшкан кылмыштуу топтун иш-аракеттеринин алдын алуу операциясынын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кармалган. Азыркы тапта №47 колонияда камакта. (BCh)

XS
SM
MD
LG