Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Социалдык фонд январда пенсия кечикпей турганын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык фонд 2020-жылы декабрда пенсиялык төлөмдөргө жалпысынан 4 миллиард 156 миллион сом талап кылынарын маалымдады. 18-декабрга карата жалпы төлөмдөрдүн 95% ишке ашып, жакыңкы күндөрү баары төлөнүп бүтөрүн аталган фонддун басма сөз кызматы маалымдады.

Мекеменин маалыматы боюнча 2021-жылдын январь айына карата пенсиялык төлөмдөр өз убагында ишке ашат, кечиктирүү же төлөбөй коюу болбойт.

17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2019-жылдагы ишмердиги тууралуу отчёту берилип, 2021-жылга карата божомолдор айтылды.

Фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр 2 миллиард 700 миллион сомго кемип калгандыктан пенсия төлөө кечигиши мүмкүн экенин айткан.

«Мындай кыскаруу пенсияны убагында бере албай калуу коркунучун жаратат. Салык кызматынан төлөмдөрдү башкарууну жакшыртууну суранып жатабыз», - деди Жуматаева. Ал ошондой эле 2021-жылдын январь айында пенсиялык төлөмдөрдү убагында бере албай калышса, Финансы министрлигинен колдоо сурай турганын да кошумчалаган.

Социалдык фондго төлөмдөр 2020-жылдагы пандемиядан улам келип чыккан экономикалык каатчылыктын айынан кемигени айтылды.

2019-жылдын эсеби боюнча Кыргызстанда 651 миң пенсионер бар. (BCh)

XS
SM
MD
LG