Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

АКШнын Ички иштер министрлигине алгачкы жолу түпкүлүктүү элдин өкүлү сунушталды


Деб Халаанд
Деб Халаанд

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден өлкөнүн Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Деб Халаанддын талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу "The Washington Post" жазып чыкты.

60 жаштагы демократ Хааланд АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү. Анын тек-жайы Американын түпкүлүктүү элдеринин бири болгон пуэбло индеецтерине барып такалат. Эгер Хааланд министрликке бекитилсе, түпкүлүктүү элден чыккан биринчи министр болуп калат.

Буга чейин Байден АКШнын көп түрдүүлүгүн көрсөткөн өкмөт түзөрүн жарыялаган. Шайланган президент буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлигине Ллойд Остиндин талапкерлигин сунуштаган. Ал бекитилсе, өлкө тарыхындагы алгачкы афроамерикалык министр болот.

Мындан сырткары борбордук казыналыктын катчылыгын биринчи жолу аял талапкер Жанет Йелле, ал эми Алехандро Майоркас ички коопсуздук министрлигин жетектеген алгачкы иммигрант болуп калат.

XS
SM
MD
LG