Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталат


«Манас» айтып жаткан бала.
«Манас» айтып жаткан бала.

«Улуу Кыргыз Ордо», «Тайтебиш Эрк чыңдоо» жана «Көйкашка» коомдук уюмдары биргелешип өткөрүп келген жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева кабарлады.

Сынак аймактагы жаштарды Манас» эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен 2020-жылдын 20-декабрында «Манас» жана Айтматов улуттук академиясында өтөт.

Буга чейин өлкөнүн баардык аймактарынан жаш манасчылар үчүн аралыктан «Манас» айтуу сынак өткөрүлгөн болчу. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, акчалай сыйлык, дипломдор тапшырылат. (MSd)

XS
SM
MD
LG