Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Милициянын кайгуул кызматындагы бош орундар үчүн сынактан жүздөн ашык киши өттү


Патрулдук милиция. Бишкек шаары, 2019-жыл.
Патрулдук милиция. Бишкек шаары, 2019-жыл.

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматындагы бош орундар үчүн сынактын экинчи туру өтүп жатат. Ички иштер министрлиги билдиргендей, 17-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы 90 бош орунга талапкерлер арасында тестирлөө өттү.

Экинчи айлампада 397 талапкерден арыз келген. Алардын 243ү мурда милицияда иштебеген жарандар. Арыз бергендердин ичинен 244 кишинин тестирлөөгө катышуусуна уруксат берилген. Сынакка алардын 205и гана
катышкан.

Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун чечими менен 172 талапкер тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү, 33ү өтпөй калды.

21-22-декабрда Ош шаарындагы борбордук стадиондо тесттен ийгиликтүү
өткөн талапкерлер дене тарбия боюнча
нормативдерди тапшырат.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, дене тарбия боюнча нормативдерди тапшыра алган талапкерлер ошол эле күнү Ош шаарынын Карл Маркс көчөсү, №1 дарегинде жумушка кабыл алынышы күтүлүп жатат.

Ош шаарында ИИМдин кайгуул кызматынын жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлеринен турган патрулдук милиция ишин 7-декабрдан тартып баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG