Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

АКШ вице-президенти Пенс коронавируска каршы эмделди


АКШнын вице-президенти Майк Пенсе (Mike Pence) коронавируска каршы Pfizer-BioNTech вакцинасы менен эмделди. Ак Үй, Вашингтон. 2020-жылдын 18-декабры.
АКШнын вице-президенти Майк Пенсе (Mike Pence) коронавируска каршы Pfizer-BioNTech вакцинасы менен эмделди. Ак Үй, Вашингтон. 2020-жылдын 18-декабры.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 18-декабрда сыналгы аркылуу ободо түз берилген иш-чара маалында COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өттү. Бул иш-чара жалпы америкалыктарды тартынбастан эмдөөдөн өтүүгө чакыруу өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду.

Пенстин жубайы Карен жана хирург Жером Адамс да COVID-19 илдетине каршы вакцина менен эмделишти.

«Америка эли ишенимдүү боло алат: биз коопсуз бир вакцинага ээбиз, а балким, бир-эки сааттан кийин, экинчисине да ээ болорбуз», – деди Пенс мырза.

Майк Пенс өткөн аптада жактырылган Pfizer-BioNTech вакцинасынан тышкары Moderna компаниясынын вакцинасы да бир аз убакыт ичинде АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек мекемеси тарабынан биротоло жактырылышы күтүлүп жатканын дал ушундайча эскерип өттү.

Пенстин айтымында, президент Доналд Трамп жетектеген АКШнын өкмөтү ушул айдын акырына чейин 20 миллиондой америкалык эмдөөдөн өтөт ко деп болжоп жатат.

АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 17 миллион кишиден ашып, 311 миңден ашуун бейтап каза тапты. Дүйнө жүзүндө болсо COVID-19 илдетин 75 миллиондой киши жугузуп алды, бул алааматтуу оору 1,66 миллиондой кишинин өмүрүн кыйды. (TT)

XS
SM
MD
LG