Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

АКШда коронавируска каршы экинчи вакцинага уруксат берилиши мүмкүн


«Moderna» вакцинасы.
«Moderna» вакцинасы.

АКШ өкмөтүнүн эксперттер тобу «Moderna» вакцинасын колдонууну Азык-түлүк жана дары-дармек сапатын текшерүү башкармалыгына сунуш кылды. Аталган башкармалык коронавируска каршы экинчи вакцинага 18-декабрда уруксат бериши ыктымал.

АКШнын саламаттык сактоо министри Алекс Азар CNBC телеканалындагы маегинде препараттын алгачкы алты миллиондой дозасы даяр экенин билдирди. Бул 3 миллионго жакын адамга жетет.

Кошмо Штаттар жапырт эмдөө программасын 14-декабрда баштаган жана анын алкында вакцина алгач медицина кызматкерлерине сайылып жатат. Анын алдында өкмөт америкалык «Pfizer» компаниясы менен анын немис өнөктөшү «BioNTech» өндүргөн вакцинаны колдонууга уруксат берген.

АКШда коронавирус болгондор 17 миллион адамдан ашып, 311 миңден көп бейтап жан берди. Дүйнө жүзүндө болсо өпкөнү сезгенткен ооруну 75 миллиондой киши жугузуп алды, оору 1,66 миллион кишинин өмүрүн кыйды.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү оорунун жаңы толкунуна каршы күрөшүп жатат. Бразилияда, Германияда, Түркияда, Орусияда жана Индияда оору бир күндө 10 миңдеген адамдан аныкталды. Түштүк Корея болсо коронавирус миңден ашык адамдан катталганын, эң чоң чекке жеткенин билдирди.

Австралиянын айрым штаттарында, аймактарында 18-декабрдан тарып карантин чаралары күчөтүлдү. Сиднейдин түндүк пляждарында оорунун очогу катталды.

XS
SM
MD
LG