Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Эксперт: Жылына чет өлкөдө кыргызстандык 300дөй мигрант каза болот


Башкырстандагы кыргызстандык эмгек мигранттары.
Башкырстандагы кыргызстандык эмгек мигранттары.

18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү. Өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын бул күнгө арналган Бишкектеги жыйынында миграция боюнча эксперт Улан Шамшиев жылына чет жактан кыргызстандык 300дөй эмгек мигранты каза болуп жатканын билдирди.

2020-жылы чет өлкөдөн «Жүк-200дү» алып келүү үчүн бюджеттен 13 миллион сом бөлүнгөн. 2018-жылы 191 арыз түшүп, сөөктү алып келүүгө 8,8 миллион сом берилсе, 2019-жылы арыздар 288 болгон. 2020-жылы Мамлекеттик миграция кызматына алыста жүрүп каза болгон 260 мигранттын жакындары сөөктү алып келүүгө жардам сурап кайрылган.

Миграция күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында саламаттык сактоо боюнча эксперт Бактыгүл Бозгорпоева коронавирус пандемиясынын учурунда ачка, жардамсыз калган атуулдардын басымдуу бөлүгүн ички, тышкы мигранттар түзгөнүн, мигранттар психологиялык жактан өзгөчө кыйналарын белгиледи.

«Борбор Азия кыймылда» аттуу координациялык комитеттин төрайымы Нурия Темирова оор турмуштук кырдаалга кептелген эмгек мигранттары үчүн колдоо фондун ачууну сунуш кылды.

«Мигранттар кабылган негизги проблемаларды эсептесек, алардын 64% турак-жай акысынан, 46% жумушсуз калуудан, 43% тамак-ашка акчасы жок калуудан, 20% күч органдарыны опузасынан кыйналары аныкталды. Атайын фонд түзүп, кыйынчылыкка учурагандарга жардам көрсөтүү учур талабы болуп турат», - деди Темирова.

Мигранттардын эл аралык күнүндө президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов элге кайрылып, анда COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине токтолуп, «бөтөн жерде жүргөндөргө өзгөчө оор болду» деп белгиледи.

2019-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстандан чет жакка чыккан мигранттардын саны 732 миң деп эсептелген. Алардын 640 миңинин Орусияда расмий каттоосу бар. Кыргызстандыктар Орусиядан тышкары эң көп Түркия менен Казакстанга иштегени барышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG