Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Түркияда ооруканада чыккан өрттөн сегиз бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-декабрда таң эрте Түркиянын Газиантеп шаарындагы менчик ооруканада COVID-19 илдетинен дарыланган бейтаптар жаткан бөлүмдө өрт чыгып, сегиз киши көз жумду. Бул тууралуу Газиантеп шаарынын мэриясы маалымат таратты.

Анда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан жерде кычкылтек менен дем алдыруучу аппарат жарылган. 19 бейтаптын сегизи өрттө каза болуп, калган 11 бейтап башка ооруканага которулганы кабарланды.
Губернаторлук бул окуя боюнча тергөө иштери башталганын билдирген.

Түркияда 1-декабрдан тарта коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.
Муну менен катар өлкөдө 31-декабрдан 4-январга чейин коменданттык саат киргизилген.

Бул өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 7-декабрда бир кыргызстандык келин коронавирустан каза болгонун кабарлаган.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 18-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 17 610 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 2 миллионго чукулдап, алардын 1 миллион 750 миңге жакыны айыгып чыкты. (ElB)

XS
SM
MD
LG