Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Бишкектеги өрттөн киши өмүрү кыйылды, үч адам ооруканага түштү


ӨКМ тараткан сүрөт. 19-декабрь, 2020-жыл. Бишкек.
ӨКМ тараткан сүрөт. 19-декабрь, 2020-жыл. Бишкек.

Бишкек шаарында 19-декабрда чыккан өрттөн 57 жаштагы жаран каза тапканын милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон киши өрт чыккан дүкөндүн кызматкери.

Дагы үч адам күйүк менен ооруканага түшкөнү кабарланды.

Өрт Иса Ахунбаев жана Саякбай Каралаев көчөлөрү кесилишкен жерде жайгашкан имаратта чыккан. Күбөлөр өрт курал-жарак саткан дүкөндөн чыкканын жана ал имарат май куюучу станцияга жакын жайгашканын маалымдашууда.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт автоунаа жууган жайда эмес, сервистик борбордо болгонун билдирген.(NT)

XS
SM
MD
LG