Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Коронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды


Коронавируска каршы эмдөө учуру.
Коронавируска каршы эмдөө учуру.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында бир, Баткенде бир, Ош облусунда эки адамдын өлүмү катталды.

Бир күндө вирус дагы 232 кишиден жаңы аныкталып, октябрдан берки эң аз көрсөткүч болуп калды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 78 911 адамды түздү. Анын 72 459 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 408 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1328 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1694 бейтап стационарда, 2551 киши үй шартында дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG