Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда үгүткө тартылган кыз эстен танып жыгылганы тууралуу видео тарады


Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт өнөктүгүнүн алкагында Ош облусундагы эл менен жолугушуусунда сахнада анын артында турган кыз эстен танып, кулап түштү. Бул көрүнүш тартылган видео Интернеттеги социалдык тармактарда тарады.

Окуя 18-декабрда болгону кабарланды. Кулап түшкөн кыз «Садыр президент!» деген жазууну көтөрүп, Жапаров сүйлөп жатканда анын артында турган жоон топ адамдын катарында болгон.

Видеодон аны эки-үч киши көтөрүп, сахнадан жерге түшүргөнүн, Садыр Жапаров "Тез жардам" чакырууну, кыздын тилин чыгаруу керектигин сунуш кылганын көрүүгө болот.

Жапаровдун шайлоо штабы окуя боюнча маалымат бере элек. Кыз дароо эсине келгени кабарланды. Анын эстен танышына эмне себеп болгону жана канча жашта экени белгисиз.

Кийинчерээк Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" расмий баракчасына окуя тууралуу жазып, анын Алай районунда болгонун ырастаган. Анда ал колдоо тобундагы жаш кыздарга керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, учурда өздөрүн жакшы сезип жатканын айткан. Бирок канча кыз эс-учун жоготконун тактаган эмес.

Кыргызстанда буга чейин президенттердин аймактарга сапарында аларды тосуп алуу иш-чарасына тартылган окуучулардын эстен танып жыгылган учурлары кездешкен.

10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоодо 18 талапкер ат салышууда. Үгүт иштери 15-декабрда башталган, 9-январда аяктайт. (NT)

XS
SM
MD
LG