Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Швейцария Pfizer/BioNTech вакцинасын жактырган чакта, АКШ Moderna вакцинасын да кеңири колдонууга уруксат берди


Евробиримдиктеги вакциналардын ар кыл баалары. "Twitter".
Евробиримдиктеги вакциналардын ар кыл баалары. "Twitter".

Швейцариянын дары-дармеккке уруксат берүү мекемеси "Pfizer/BioNTech" вакцинасын COVID-19 илдетине каршы күрөштөгү чукул кырдаалда гана эмес, кадыресе учурларда да колдонууга уруксат берген дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Улуу Британия, АКШ жана башка мамлекеттер бул вакцинаны коронавируска каршы күрөштүн өзгөчө учурларында колдонууга уруксат кылып жатышкан.

18-декабрда АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармекке көзөмөл мекемеси «Moderna» компаниясы өндүргөн вакцинаны да "Pfizer/BioNTech" вакцинасы менен удаа өлкөдө колдонууга уруксат кылды.

"Moderna" компаниясынын вакцинасы. 2020-жылдын 16-ноябрындагы элестүү сүрөт.
"Moderna" компаниясынын вакцинасы. 2020-жылдын 16-ноябрындагы элестүү сүрөт.

Орусия болсо «Спутник-V» вакцинасына 2020-жылы август айында эле уруксат кылган, бул вакцинанын натыйжалуулугу жөнүндө үчүнчү сынак андан кийин кыйла убакыт өтүп жыйынтыкталган болчу. Кытай бийлиги болсо өлкө ичинде өзү өндүргөн үч башка вакцинаны колдонуп келет.

Словакиянын премер-министри Игор Матович коронавируска чалдыкканын 19-декабрда расмий маалымдашты. Бул илдетке чалдыккан француз президенти Эммануэл Макрон сыяктуу эле ал дагы жакында Брюсселдеги Евробиримдиктин саммитине катышкан болчу.

Коронавирустун жаңы түрү 2020-жылдын башынан бери дүйнөдө 76 миллиондой кишиге жугуп, алардын дээрик 1,7 миллиондою өмүрүнөн айрылды. Айрым өлкөлөр, алардын ичинде авторитардык Түркмөнстан, өз аймагында бул илдет каттала элек деп билдирип келишет. (TT)

XS
SM
MD
LG