Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Беларуста Лукашенконун режимине каршы нааразылык чаралары уланууда


Короо ичиндеги нааразылык жүрүш. Минск шаарынын түштүк-батышы. 2020-жылдын 19-декабры.
Короо ичиндеги нааразылык жүрүш. Минск шаарынын түштүк-батышы. 2020-жылдын 19-декабры.

19-декабрда Беларустун борбору Минск шаарында жана башка шаарларда Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жүрүштөр жана жыйындар өттү. Мындай жыйындар өлкөдө 133 күндөн бери өткөрүлүп келет.

1994-жылдан бери бийлик тизгинин колдон чыгарбай келе жаткан Лукашенко 9-августтагы президенттик шайлоодо «жеңишке жетти» деп жарыяланган. Бирок оппозиция өзгөчө бурмалоо менен жетишилген бул натыйжаны жокко чыгарууну талап кылып, иш жүзүндө атаандаш талапкер Светлана Тихановская жеңген болчу деп келет.

Ошол 9-августтун кечинен тартып 28 миңдей беларус жараны коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалды, жүздөгөн кишилер көчөдө ур-токмокко алынды, бир нече киши набыт болду.

АКШ менен Евробиримдик 66 жаштагы Лукашенкону кайра шайланды деп таануудан баш тартышты. Лукашенко менен бир катар беларус төбөлдөрүнө шайлоодогу бурмалоолорго жана андан кийинки адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Батыш тарабынан санкция жарыяланды.

Коопсуздукка байланыштуу августтагы шайлоодон кийин Литвага чыгып кеткен Тихановская беларус оппозициясынын бозгундагы башкы өкүлү болуп калды.

Камакка алуулар, кысымдар, суук, жаан-чачындуу аба ырайы соңку учурларда демонстрацияга чыккандардын санын кескин азайтты. Андан тышкары коопсуздук күчтөрүнүн камакка алуу далалаттарына ийкемдүү бөгөт коюу үчүн оппозиция бир аянтка топтолбостон, шаарлардын улам башка бөлүктөрүндө нааразылык жүрүштөргө чыгып, жыйындар куруп, жаңы тактикага көчтү.

19-декабрдагы чакан жүрүштөр маалында да демонстранттар оппозициялык желекти көтөрүп басышканын «Азаттыктын» Беларус кызматы маалымдады.

Чакан жүрүштөр менен жыйындар ишембиде Гродно шаарында жана башка жерлерде да уюштурулду.

Азырынча демонстранттардын камакка алынышы тууралуу эч кандай маалымат жарыялана элек. (TT)

XS
SM
MD
LG