Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Улуу Британия менен Евробиримдик сүйлөшүүлөрдө мунаса табыша элек


Европа Биримдигинин Брекзит жаатында сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүлү Мишель Барнье менен британ өкмөт башчысынын Европа иштери боюнча кеңешчиси Дэвид Фрост. 2020.
Европа Биримдигинин Брекзит жаатында сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүлү Мишель Барнье менен британ өкмөт башчысынын Европа иштери боюнча кеңешчиси Дэвид Фрост. 2020.

Улуу Британия менен Европа Биримдигинин ортосундагы "Брекзиттен" соңку соода алакаларынын шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жок. Евробиримдиктин башкы чабарманы Мишель Барнье менен британ коллегасы Дэвид Фрост 20-декабрда Брюсселде жолугушту. Бирок негизги маселелер боюнча алар мунаса таба алышкан жок.

Эки аптадан соң Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу жараянын аяктайт жана Биримдиктин соода эрежелерин аткаруу милдетинен кутулат. Бирок уюм менен расмий Лондондун ортосундагы бир нече тармак боюнча соода алакасы кандай болору азырынча белгисиз.

Улуу Британия өзүнө таандык сууларга европалык балыкчылардын киришине каршы болуп жатат. Ошондой эле расмий Лондон өнөр жайы жана экология боюнча саясатты өз алдынча жүргүзүүнү каалайт.

Эгер быйыл 31-декабрга чейин эки тарап мунасага келип, келишим кабыл алынбаса, анда Улуу Британия менен Европа Биримдигинин соода мамилеси Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Анда тараптардын чек арасында бажы көзөмөлү орнотулуп, товарлар менен кызмат көрсөтүүдөн төлөмдөр алынышы керек.

XS
SM
MD
LG