Бермет Америкадагы ата-энесине барат
Америкалык Келли Мурдун үй-бүлөсү 4,5 жыл дегенде соттон утуп чыгып, 16 жаштагы Берметти асырап алууга уруксат алды. Сүрөт тартууга шыктуу өспүрүм буга чейин Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жашачу. Келли Мурдун үй-бүлөсү Берметти өз бүлөсүнө алуу үчүн үч жолу сотко кайрылган. Акыры 8-декабрда Кыргызстандын Жогорку соту алардын өтүнүчүн канааттандырды.
Чыгарылыштар
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"
-
Июль 28, 2026"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу
-
Июль 20, 2026АИ-95 бензиндин литри 100 сомдон ашты