Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Юрист Нурбек Токтакунов референдумга байланыштуу депутаттарды жоопко тартууну талап кылууда


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Прецедент» юридикалык борборунун башчысы, адвокат Нурбек Токтакунов бир катар парламент депутаттарына каршы УКМКга арыз менен кайрылды. Ал муну депутаттар референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоого жана кабыл алууга коомчулукту катыштырган жок, мыйзам бузулду деген жүйө менен негиздеди.

Бул тууралуу Токтакунов 22-декабрда билдирди. Анын айтымында, документтин автору Акылбек Жапаров, 22-декабрда кызматын тапшырууну чечкени айтылган вице-спикер Мирлан Бакиров, эксперттик топтун мүчөлөрү жана президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өз милдеттин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыктан, мыйзам чыгаруу жараянындагы милдеттүү деген талаптардын көз жаздымда калышынан улам мыйзам коомчулукта кеңири талкууланбастан кабыл алынды.

Аты аталгандар муну менен Жазык кодексинин 319-беренесинин экинчи бөлүгүндө («Оор кесепеттерге алып келген коррупция»), 320-берененин төртүнчү бөлүгүндө («Жоопкерчиликтүү кызматты аркалаган адамдардын кызмат абалынан кыянат пайдаланышы») каралган кылмыштарга барган деп жазылган Токтакуновдун билдирүүсүндө.

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдумда жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан шашылыш өткөн.

Бир катар активисттер, саясатчылар, депутаттар документ мыйзамды одоно бузуу менен бардык окуудан өткөрүлгөнүн айтып келатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG