Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Сүлүктүдө шахта урап, бир киши изделүүдө


Сүлүктү шаары.
Сүлүктү шаары.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 22-декабрда «Ашымбай» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык көмүр шахтасы урап түшүп, бир эркек киши ичинде калып калганын облустук администрация «Азаттыкка» кабарлады.

Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №1 мобилдештирилген тоо-кен куткаруу бөлүмүнүн 16 кызматкери, «Тез жардамдын» бир бригадасы жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери издөө иштерине тартылды.

Шахта кулаган маалда ичинде беш киши болгону кабарланууда. Алардын төртөө чыгып кеткенге үлгүргөн. Кесиптешин издөөгө шахтанын жыйырмадай кызматкери да катышууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG