Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

COVID-19 вирусу 230 кишиге жугуп, эки киши каза болду


Бишкек пандемия маалында.
Бишкек пандемия маалында.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан эки киши каза болду. 230 ​кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1337 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 79659 ​адамга жетти.

Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 73 561 адам.

Стационарда 1453 бейтап дарыланууда. 2414 киши ​үйдө дарыланууда.

23-декабрда дагы беш медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4080 ​кишиге жетти, алардын ичинен 3850 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG