Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Бакиров: Матраимовдун иниси менен досмун (видео)


Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин төрагысынын мурдагы орун басары Мирлан Бакиров «Мекеним Кыргызстан» партиясына Раимбек Матраимовдун байланышы бар экенин тастыктаган жок. Ал «Азаттык» радиосунун «Эки бир» маегиндеги суроолоруна жооп берип, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкени жарыяланган «Мекеним Кыргызстан» партиясына төрагалык кылганын, бирок добуш сатып алуу, партиянын каржылык иштери боюнча кабардар болбогонун айтты.

«Мен аймактагы штабдардын жетекчилигине, кызматкерлерине кийлигишкен жокмун. Партиянын төрагалыгын кылып, программасы, шайлоо алдындагы дебаттарга катышуу менен гана алек элем», - деди.

Ал журналисттердин: «Раимбек Матраимов менен партиянын байланышыңыз барбы?» деген суроосуна "Ал кишини тааныйм, бирок тыгыз мамилем жок. Ал кишинин иниси менен достук мамилем бар» деп жооп кайтарды. Ошондой эле «Мекеним Кыргызстанды» партиялаштар, санаалаштар түзүшкөнүн белгилеп, Искендер Матраимов гана бул партиядан депутаттыкка ат салышканын билдирди.

Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында төраганын орун басары Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын тапшырганын жарыялады.

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын сунушуна ылайык коалициялык азчылыктын өкүлү катары депутат Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Мирлан Бакиров 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо көп добуш алганы жарыяланган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон коомчулуктун 5-6-октябрдагы толкундоосунан кийин бийлик чукул алмашкан жана парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG