Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:46

Тоңдо зордукталган кыздын үй-бүлөсүнө басым жасалганы айтылууда


13 жаштагы кызды зордуктагандарга каршы акция.
13 жаштагы кызды зордуктагандарга каршы акция.

Тоң районунун Кара-Шаар айылында зордукталган окуучу кыздын жакындарынан айыпталуучу тараптын туугандары жана айыл аксакалдары кечирим сурап барышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыздын агасы билдирди.

«Зордуктаган адамдардын туугандары менен айылдын аксакалдары бизден кечирим сурап, ишти бүтүрөлү деп келишиптир. Биз «аларды кечирбейбиз» десек «токтотпойсуңарбы, кечиришкиле, эгер ушинтип уруш-талашты уланта берсеңер, айылды уят кылбай башка шаарга же айылга көчүп кеткиле» дегенге чейин барышты».

Буга чейин Тоң районунда 2005-жылы төрөлгөн секелек зордукталып, ага күч колдонгон үч киши экөө сотто акталып чыккан, бирөө 7,5 жылга кесилген.

Жазаны жеңилдеткен райондук судья Сабыр Сооданбековго нааразылык күчөп, ЮНИСЕФ балдар менен кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотууга чакырган атайын билдирүү тарткаткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG