Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Өзбекстанда Ислам Каримовдун жакын жардамчысы камакка алынды


Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун жардамчысы камакка алынды. Улугбек Мирзамухамедовдун камакка алынганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү анонимдүү түрдө «Азаттыктын» өзбек кызматына кабарлаган. Ага карата кандай айып коюлганы белгисиз.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Мирзамухамедов ноябрь айында үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн соң камакка алынганын жазып чыгышкан. Анын кошуналары «Азаттыктын» кабарчыларына чынында тинтүү болгонун жана андан соң полиция алып кеткенин ырасташты.

52 жаштагы Өзбекстандын 25 жылдан ашык башкарган Ислам Каримовдун жакын жардамчыларынын бири болчу. Ал Каримов каза болгон 2016-жылга чейин авторитардык лидердин командасынын эң ишенимдүү мүчөлөрүнүн бири болгон.

Мирзамухамедов бийликтеги таасирдүү адамдардын бири болсо да, ал эл алдына көп чыкпай, көмүскөдө калып келген.

«Азаттыктын» өзбек кызматына келип түшкөн маалыматтар боюнча Улугбек Мирзамухамедов Ташкент жана башка шаарлардагы ири долбоорлорду курууга катышкан «Murad Buildings» курулуш компаниясынын 50% акциясына ээлик кылган.

XS
SM
MD
LG