Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:06

Ишкерлер президенттикке талапкерлер менен жолугушат


Кыргызстандагы кен иштеткен компаниялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы кен иштеткен компаниялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы ири бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү бүгүн, 24-декабрда президенттикке талапкерлер менен жолугушат.

«Orion» мейманканасындагы иш-чараны ишкерлер коомчулугу уюштурган.

Алардын маалыматына караганда, жыйында өлкөдөгү ири 25 бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү президенттикке талапкерлер менен экономика жана ишкерликти өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулоону көздөп жатышат.

Ошондой эле жыйында талапкерлер менен өнүгүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлары күтүлүүдө.

Иш-чарага канча талапкер барары азырынча белгисиз.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. Ага 18 талапкер катышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG