Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

БШК: Сегизбаев коопсуздугуна байланыштуу кайрылса чара көрөбүз


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаев өзүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч жаралып жатканын билдирди. Мындай билдирүүнү ал көчөдө шайлоочулар менен жолугушуу учурунда жасаганын 24-декабрда социалдык тармактар аркылуу тараган видеодон көрүүгө болот:

«Азыр мен балдарымды көчөгө чыгара албай калдым. Фанаттар, бандиттер «бетине кислота куябыз» деп жүрүшөт. Эгерде мындайга унчукпай кала турган болсок, анда дагы беш жылга отурабыз. Бизди баары эле бандиттер башкарып калды. Азыр биздин балдар көлгө барышса тепкилеп кетип жатышат».

Коркутуу боюнча талапкер Сегизбаев укук коргоо органдарына кайрылганы тууралуу өзүнөн тактоо мүмкүн боло элек. Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылбагандыгын анын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирди:

«Бизге кайрылса же укук коргоо органдарына деле кайрылса президенттикке талапкер адамдын, анын үй-бүлөсүнүн укугу сөзсүз корголот. БШКда ыкчам чара көрүү тобу күнү-түнү иштеп жатат. Кыска номурдан, «Вотсаптан» да билдирүү жибере алышат. Райондордогу, шаарлардагы шайлоо комиссияларыбыздагы ыкчам аракет топтору тынымсыз иштөөдө».

Сегизбаевдин дооматына байланыштуу президенттикке дагы бир талапкер Садыр Жапаровдун үгүт штабынын жетекчиси Канат Турганбеков «Азаттыкка» комментарий берди:

«Барган жерден өзүнүн программасын айтпай эле ар кимди жамандап жатат. Кечээ да ушундай учурлар болду. Бүгүн да антсе ушуну менен бир упай топтойм деп жатабы, табышмак. Эми ал өзүнүн иши. «Кислота чачып кетем» деген сөздөрдү айтса, анда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышы керек».

Буга чейин президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Ысык-Көл облусунан үгүт ишин коркутуунун айынан баштай албай калганын КТРКнын түз эфириндеги кайрылуусунда айткан эле. Бул боюнча Башкы прокуратура атайын иликтөө ишин баштаганын билдирген.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ага катышуу үчүн 18 талапкер катышат жана алар 15-декабрдан бери үгүт иштерин жүргүзүп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG