Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кесиптик кошуундар федерациясынын жыйыны болот


Бишкектеги «Ала-Тоо» эс алуу борборунда бүгүн, 25-декабрда Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясы кезексиз жыйынга чогулат.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйында кесиптик кошуундардын мындан ары мыйзамдык нукка түшүп, иштеши үчүн федерациянын төрагасын шайлоо максат кылынууда.

Маалыматта Кесиптик кошуундар федерациясындагы ич ара чатактарга чекит коюлбай жатканы, көптөн бери коомдук талкуу жараткан маселени чечүү убактысы келгени айтылган.

Кесиптик кошуундар федерациясына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет. Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында өзүнө карата нааразылыктын натыйжасында иштен кеткен.

Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат.

Ноябрда Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияга чыгышкан. Алар документ оңдолсо уюмда жемкорлукка жол ачылып, мүлк сатылып кетет деген пикирлерин айтышкан.

Нааразылыкка чыккандар мыйзам долбоорун федерациянын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов менен анын жубайы, парламент депутаты Гүлкан Молдобекова сунуш кылып жатат деп билдиришкен.

Молдобекова күйөөсүнө жана өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке каккан. (NT)

XS
SM
MD
LG