Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:19

Референдум: Жалпы он үгүт тобу каттоодон өттү


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 24-декабрда алдыдагы референдумга байланыштуу дагы бир үгүт тобун каттады.

Боршайкомдун маалыматына караганда, муну менен каттоодон өткөн үгүт топторунун саны онго жетти.

Алардын бешөө президенттик республиканы колдосо, бирөө президенттик республикага каршы үгүт жүргүзө турган топ. Экөө парламенттик республиканы жактагандар, дагы экөө бардык варианттарга каршы чыккандардан түзүлгөн.

Алар мыйзамга ылайык референдумду утурлай парламенттик же президенттик башкарууну тандоо же баарына каршы добуш бериш үчүн элди үгүттөшөт.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо өтө турган мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда жарандарга үч суроо коюлмакчы. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам регламент бузулду деген көптөгөн сын-пикирге карабай, декабрдын ортосунда Жогорку Кеңеште шашылыш түрдө үч окуудан тең өтүп кеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG