Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Балдар менен жаштарды өнүктүрүүдө башкаруу органдарынын ролу талкууланат


Кыргызстандык студенттер жатаканада. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык студенттер жатаканада. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 25-декабрда «Балдарды жана жаштарды жеринде өнүктүрүүдө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролу» деп аталган онлайн иш-чара өтөт.

Аны Өнүгүү саясаты институту (Development Policy Institute) БУУнун Кыргызстандагы Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен бирге уюштурууда.

Уюштуруучулар билдиргендей, буга чейин балдарды жана жаштарды өнүктүрүү боюнча аймактарда атайын долбоор ишке киргизилген. Бүгүнкү талкууда анын жыйынтыгы чыгарылат.

Жыйында жаштар менен жергиликтүү башкаруу органдарынын өз ара иш-аракети, маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга жана талкуулоого жаштарды тартуунун жолдору ортого салынат.

Катышуучулар аймактарда өспүрүмдөр менен жаштардын кызыкчылыгына туура келген саясатты ишке ашыруу маселесин да талкуулашат.

Талкуу 9:00дөн 13:30га чейин онлайн режиминде болот. (NT)

XS
SM
MD
LG