Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Ооганстанда активист аялды атып кетишти


Фрешта Кохистани.
Фрешта Кохистани.

Ооганстанда аялдардын укуктарын коргогон активист Фрешта Кохистани киши колдуу болду.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдиргендей, активист аялды 24-декабрда кечке жуук Каписа провинциясындагы Дахно айылында мотоциклчен белгисиз адамдар атып кетишкен.

Кохистани ошол жерде каза болуп, анын бир тууганы жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Полиция окуяны иликтей баштаганын билдирди.

Активистке кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бир күн мурда Кабулдагы үйүнүн жанында Ооганстандагы эркин жана калыс шайлоо фондунун башчысы Юсуф Рашид өлтүрүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG