Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Студенттерге президенттик стипендия таратылды


Президенттик стипендияны 70 студент алды.

Жогорку Кеңештин төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 25-декаюрда өлкөнүн жогорку окуу жайларында мыкты деп табылган 70 студентке президенттик стипендия тапшырды.

Мамытов тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, аралыктан окутуудагы кыйынчылыктар жөнүндө кеп кылды. Ал оор кырдаалга карабай, өлкөдө чоң ийгиликтер жаралганын билдирди.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларында 184 миң студент билим алууда. Алар 16-марттан бери аралыктан окуп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларын январь айынан тартып оффлайн окутууга өткөргөнү жатат. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG