Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Москвада кылмыштуу топторго тиешелүү деген шек менен кыргызстандыктар кармалды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Москва шаары.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Москва шаары.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада кыргызстандыктан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалганын маалымдады.

21-декабрь күнү өкүлчүлүккө Баткен облусунун 1999-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну кайрылып, 19-декабрь күнү таңга жуук белгисиз адамдар ага күч колдонгонун билдирген. Окуя жабырлануучу ижарага алынган «Хэндэ Солярис» үлгүсүндөгү автоунаа менен «Яндекс такси» тиркемеси боюнча Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде бара жатып, жол чырактын кызыл белгисине токтогондо башталган.

Токтогон автоунаага эки белгисиз адам отуруп, айткан дарекке
жеткирүүнү кыргыз тилинде суранышкан. Дарекке жеткирген учурда алар айдоочудан акча талап кылып, күч колдонушкан. Тапанча жана бычак менен коркутуп, 8700 рубль акчасын тартып алып, дагы 30 000 рубль берүүсүн талап кылган.

Маалыматта айдоочуну опузалап, тоногон 1997-1998-жылдары туулган эки шектүү 23-декабрда кармалганы, операцияга Москва шаардык аймактык полициясы катышканы белгиленген.

Элчилик кыргызстандыктарды опузалоо, күч менен акча талап кылуу фактылары болсо +7 926 890-87-00 ыкчам номурга чалып, кабарлоого чакырууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG