Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 14:25

Шайлоонун коопсуздугун 11 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат


4-октябрдагы парламенттик шайлоо учуру.

Коопсуздук кеңешинин 24-декабрдагы жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбеков 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен референдумдун коопсуздугун 11 миңден ашуун милиция кызматкери камсыз кыларын билдирди.

Ар бир добушканага бирден жетиге чейин кызматкер тартылат. Добуш берүүчү жайлардын коопсуздугу үчүн 5500 милиция кызматкери иштейт.

Шайлоо алдындагы коомдук тартипти көзөмөлдөө 15-декабрда башталды. Өлкө боюнча 10 жерде ыкчам штаб түзүлүп ишке кирген.

Шайлоого байланыштуу катталган фактыларга мыйзамдын алкагында иш алып барыш үчүн кызматкерлерге окутуулар өткөрүлүп, усулдук колдонмолор укуктук ченемдик актылардын жыйнагы буга чейин таратылып берилген

Шайлоо учурунда ар түрдүү чагымчыл аракеттерге жол бербеш үчүн ок атуучу куралдарды жана жардыргыч материалдарды колдонууга бөгөт коюлат.

Шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда коопсуздукту камсыздоого Бишкек шаарында жайгашкан «Учкун» акционердик коомунун имараты ички иштер органдары тарабынан куралдуу кайтарууга алынды.

Шайлоо бюллетендери даяр болгондо шайлоо участокторуна атайын жабдылган автоунааларга жүктөп жеткирилет жана 80ден ашык патрулдук автоунаалар менен коштоп жеткирүү уюштурулат.

Ички иштер министрлиги шайлоо иш-чарасы пандемиялык шартка туш келгендигине байланыштуу кызматкерлер толук түрдө медициналык жеке каражаттар жана чыгымдалуучу каражаттар менен камсыздалды. (BCh)

XS
SM
MD
LG