Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Сурабалдиева: Матраимовдун батирлери мыйзамдуу жол менен бөлүнүшү керек


Элвира Сурабалдиева, вице-премьер министр.
Элвира Сурабалдиева, вице-премьер министр.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Райымбек Матраимовдун мамлекетке бергени кабарланган батирлери мыйзамдуу жол менен өткөрүлүп берилбесе вице-премьер катары атайын токтомго кол койбой турганын «Твиттердеги» баракчасына жазды:

«Матраимовдордун конфискацияланган мүлкү боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана соттун чечими менен гана батирлер кайсы баланска берилсе же аукцион аркылуу сатылып, түшкөн каражат бюджетке которулса гана мыйзамдуу болот. Башка жол жок, андыктан мен вице-премьер министр катары башка токтомдорго кол койбойм».

Сурабалдиева бул жазганы боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Матраимовдун батирлери жетим балдарга же муктаждарга берилбей жатканына нааразы болушканын, ал да өкмөт мүчөсү катары батирлердин УКМК кызматкерлерине берилишин колдобой турганын айтты:

«2018-жылдан бери Матраимовдун мүлкү изилденип жатат. Бирок УКМК бир да далил таппай келип, эми ал мамлекетке мүлкүн өткөрүп берсе эмнеге ээ боло калышы керек? Мен да батирлердин муктаждарга берилишин колдойм».

Бишкекте өткөн 24-декабрдагы басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке өткөрүп берген тогуз батирдин сегизи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине бериле турганын билдирди.

Ташиевдин айтымында, Матраимов күнөөсүн моюнга алып, 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып берди. Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.

Бул билдирүүдөн кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын арасында жана социалдык медиада батирлерди жетим балдарга, дарыгерлерге же мугалимдерге берүү маселеси көтөрүлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG