Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:31

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери директорго каршы акцияга чыгышты


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери директор Динара Кутманованын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Алар 28-декабрда эртең менен мекеменин алдына чогулушуп, директорду "Эмгек кодексин бузуп, мыйзамсыз иштерди жасап жатат» деп сындап чыгышты.

Нааразы тарап Кутманова боюнча бийликке кайрылуу жибергенин жана мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштаганын да билдирди.

Агенттиктин директору Динара Кутманова "Азаттыкка" комментарийинде нааразылык акциясын тармакты оңдоо боюнча аракеттерге каршылык катары баалады. Анын пикиринде, акцияны 4-5 кишиден турган топ уюштуруп жатат.

Эколог Динара Кутманова өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору болуп дайындалганы тууралуу өкмөт 13-ноябрда маалымат тараткан.(NT)

XS
SM
MD
LG