Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:30

Карылар үйүнүн мурдагы кызматкерлери директордун кызматтан кетишин талап кылууда


Карылар жана майыптар үйүнүн мурдагы кызматкерлеринин акциясы. 28-декабрь, 2020-жыл. Сүрөт kaktus.media сайтына таандык.

Карылар үйүнүн мурдагы кызматкерлери бүгүн, 28-декабрда Бишкекте өкмөттүн алдына чыгышып, жетекчиликке нааразылык билдиришти. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акцияга акыркы бир жыл ичинде иштен айдалган 30га жакын адам чыкты.

Алар мекеменин башчысы Адылбек Козубаев кызматка дайындалган бир жыл аралыгында кызматкерлерди жумуштан кетирип, өзүнүн тааныш-билиштерин ишке алганын, финансылык мыйзам бузууга жол берип жатканын айтышты. Акциянын катышуучулары жетекчинин кызматтан кетишин жана жоопко тартылышын талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Адылбек Козубаев өз дарегине айтылган дооматтар тууралуу комментарий бере элек.

Нааразы тараптын алдына өкмөттүн өкүлдөрү чыгып, алар вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева менен жолугушууга кирип кеткени кабарланды.

Бишкектин Биринчи май районуна караштуу карылар жана майыптар үйүндө акыркы эсеп боюнча 200дөй киши жашайт. (NT)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG