Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Жарандык көзөмөл комитети Судьялар кеңешин Гүлбара Калиева боюнча БУУга кабар жиберүүгө чакырды


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Кыргызстандагы Жарандык көзөмөл комитети 27-декабрда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу аракеттери тууралуу билдирүү таратты.

Активисттерден турган көз каранды эмес уюмдун билдирүүсүндө: «Камчыбек Ташиев УКМК жетекчисинин кызматында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат, ал өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аша чаап пайдаланып келүүдө жана сот бийлигинин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз чеңгелдеп алып, парламентти да опузалап жатат», деп айтылат.

Уюм Ташиевдин Калиеванын камакка алынышы ыктымал экени тууралуу айткандарын «кыжырды кайнаткан коркутуп-үркүтүү» деп баалаган. Комитет Кыргызстандын Соттор кеңешин бул тууралуу БУУнун Судьялардын көз каранды эместиги боюнча атайын баяндамачысына тез арада кабар жөнөтүүгө чакырды.

Ошондой эле уюм бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу маселесин УКМК төрагасы эмес, сот гана чече турганын белгилеген. Конституциянын 24-беренесинин 3-пунктунда «Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес» деп жазылганын эске салды. Конституциянын 94-беренесинин 2-пунктуна ылайык, судья кол тийбестик укугуна ээ экенин жана кылмыш үстүндө кармалгандан башка учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же текшерилүүгө уруксат жок экенин кошумчалады.

Жарандык көзөмөл комитетинин маалыматында сот тармагы бийликти көз каранды эмес бутагы экени жана анын ишмердигине кийлигишүүгө болбой турганы да айтылган.

УКМК бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.

24-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын жарыялаган.

Жогорку сот буга УКМКнын коррупция тууралуу айыптоосуна «негиз жок» деп жооп кайтарган. (NT)

XS
SM
MD
LG