Кыргызстан | Жаңылыктар (28.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта"
- Улуттук коопсуздук комитети менен Жогорку Соттун тиреши токтой элек. Бугүн Жарандык көзөмөл комитети төрага Ташиевдин билдирүүсүн "сот системасына басым" деп баалады. - Шайлоодогу үгүткө ушул тапта 90 миллион сомдон ашык акча сарпталса, анын жарымы Садыр Жапаровдун штабынан кетти. Серепчилер негизги талапкер ким экени белгилуү болгондуктан, башкалары акчасын короткусу келбей жатканын белгилешет. - Европа Биримдигинде коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Биринчилерден болуп улгайгандар менен медициналык кызматкерлер вакцина алат. Эксперттер калктын 70% эмделгенден кийин жамааттык иммунитет пайда болорун белгилешет.