Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

БШК талапкер Садыр Жапаровго эскертүү берүү жөнүндө сунушту четке какты


Талапкер Садыр Жапаровдун Караколдогу эл менен жолугушуусунда тартылган сүрөт.
Талапкер Садыр Жапаровдун Караколдогу эл менен жолугушуусунда тартылган сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган шоуга байланыштуу эскертүү берген жок.

БШК үгүт иштери боюнча жумушчу топтун талапкерге эскертүү берүү тууралуу сунушун 5-январда карады.

Жыйында сунушту Боршайкомдун беш мүчөсү колдоп, калганы каршы болгондуктан ал өткөн жок.

Көпчүлүк мүчөлөр Караколдогу жолугушуунун уюштуруучусун Тартип бузуу кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин карап көрүүнү БШКнын тиешелүү өкүлүнө сунуш кылыш керек деген чечимге келишти.

БШКнын жыйынында Садыр Жапаровдун өкүлү Александр Мощин Караколдун жашоочуларынын аракеттеринде үгүттүн элементтери болбогонун, талапкердин штабы мындай жолугушууну пландабаганын, бирок ал жерден эч кандай мыйзам бузуу көрбөгөнүн айтты. Театрлаштырылган көрсөтмөнү штаб эмес, жергиликтүү тургундар өздөрү уюштурганын билдирди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова театрлаштырылган көрсөтүү мыйзамда тыюу салынганы тууралуу уюштуруучулар жарандарга эскертип коюшу керек экенин, бирок видеодо талапкердин өзүнө бул көрүнүш күтүүсүз болгону байкалганын белгиледи.

Өткөн аптада Садыр Жапаровдун Караколдо эл менен жолугушуусунда аны жети акенин образындагы кишилер бата берип, шоу менен тосуп алышкан. Үгүт мыйзамдарына ылайык, талапкердин жолугушууларында театрлаштырылган ар кандай шоуларга тыюу салынат.

10-январда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум да өткөнү жатат. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG