Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Бишкек абасы эң кир деген шаарлардын рейтингинде сап башынан түшө элек


Бишкек шаарынын кышында көрүнүшү.
Бишкек шаарынын кышында көрүнүшү.

Дүйнөдөгү чоң шаарлардагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун маалыматында Бишкекте абанын булганышы 6-январда да кооптуу чектен дагы эле ашып турганы айтылды.

Аталган уюмдун сайтындагы таңкы саат 6га карата маалымат боюнча атайын жабдыктар Бишкектин айланасында абанын сапатынын индексин (AQI) 445 деп көрсөтүүдө.

Башкалаа четиндеги Сокулук, Военно-Антоновка, Лебединовка сыяктуу айылдарда ушул аптада индекс өтө кооптуу чектен, тактап айтканда 1200-1300дөн ашкан. Негизи, индекс 50дөн ылдый болушу керек.

Экологдор, активисттер, дарыгерлер Бишкектин абасына байланыштуу өзгөчө абал киргизүүгө бийликти чакырышууда. Алар баш калаада абанын булганышы өтө кооптуу чекке жеткендиктен, элдин саламаттыгы коркунучка кабылганын, бийлик буга чара көрүшү керек экенин айтып жатышат.

«World Air Quality» уюму жарандарга көчөдө тынымсыз беткап тагып жүрүүнү, аба тазалаган жабдууларды колдонууну, үйлөрдө, кеңселерде терезелерди бек жаап, сырттан аба киргизбөөнү, көчөдө көп жүрбөөнү сунуш кылды.

Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан бери дээрлик алдыңкы он саптан түшө элек. (NT)

XS
SM
MD
LG