Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

COVID-19: Германия жалпы карантинди 31-январга чейин узартып, Британиянын жолуна түштү


Германиянын канцлери Ангела Меркел. 2020-жылдын 9-декабры.
Германиянын канцлери Ангела Меркел. 2020-жылдын 9-декабры.

Германиянын канцлери Ангела Меркел өкмөт өлкөдө коронавирустун жайылышына бөгөт коюу чарасы катары жалпы мамлекеттик карантинди 31-январга чейин узартканын айтты. «Ал эми жылдын алгачкы токсон күнүндө коронавируска каршы эмдөө калайыктын артыкчылыктуу топтору үчүн гана жүргүзүлөт», деди Меркел айым.

5-январда Германиянын өкмөтү менен федералдык жергелеринин өкүлдөрүнүн жыйыны пандемияга байланыштуу жалпы өлкөдө карантин эрежелерин күчөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Вирус очокторунда жашагандардын башка аймактарга катташы чектелет, мындай «кызыл» аймактын тургуну өз үйүнөн 15 чакырымдай гана узай алат. Коңшу-колоңдун да өз ара карым-катнашын убактылуу чектөө сунушталды.

Германиядагы мектептер менен бала бакчалар 1-февралга чейин жабылды. Айтмакчы, Ангела Меркел Германиядагы эмдөө жүрүмү Евробиримдиктин башка өлкөлөрү менен чогуу-чаран жана бирдей жүргүзүлө тургандыгын тастыктады.

Башка жаңылыктар:
Улуу Британиянын өкмөтү 6-январга караган түнү өлкө боюнча үчүнчү жалпы карантинди киргизүүдө. Англиянын түштүк-чыгышында алгач байкалган коронавирустун жаңы түрү (штаммы) бул илдетти тез жайылтуу менен айырмаланып жатканы, азыр дал ушул алааматтуу түр дүйнөнүн бир нече ондогон өлкөлөрүнөн табылганы кабарланууда.

Жапониянын бийлиги да Токио менен анын айланасында 7-январдан тартып катаал карантин киргизүү тууралуу талкуу кылууда. Айтмакчы, айтылуу сумо балбаны Хакухо Сё («Ак Зымырык куш»; мурдагы монголчо ысымы – Мөнхбатын Даваажаргал; 1985-жылы Монголияда туулган) коронавирус жугузуп алгандыгын Жапониянын Сумо жамааты 5-январда маалымдады.

Ал эми Түркиянын Билкент университетинин илимпоздору COVID-19 илдети бар-жогун 10 секундда аныктоочу жабдуу ойлоп табышты. Бул тууралуу аталган университеттин сайтында 4-январда маалымат чыкты.

«Диагновир» («Diagnovir») деп аталган бул жабдуу шилекейден алынган үлгүнү изилдейт. Шилекей үлгүсү атайын кошулмага аралаштырылат да, «Диагновир» жабдуусуна салынат. Анын оптикалык системасы коронавирус байкалар замат өзгөчө түстө жарыктанып калат.

Мексиканын бийлиги 5-январда «Oxford/AstraZeneca» вакцинасын чукул кырдаалда колдонууга уруксат берди. Буга чейин Улуу Британия жана Индия сыяктуу өлкөлөр да вакцинанын ушул түрүн эмдөөдө колдонууга атаандаш вакцина катары уруксат беришкен.

Жон Хопкинс коронавирусту изилдөө борборунун маалыматы боюнча, КЭРдин Ухань шаарында алгач жайылгандан бери бул пандемия дүйнө жүзүндө 1,8 миллиондон ашуун кишинин өмүрүн алды. Өзгөчө оор кырдаал АКШда түзүлдү. Бул өлкөдө коронавирустун айынан өлгөн кишилердин саны 350 миңден ашты. (TT)

XS
SM
MD
LG