Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Суваналиев: Талапкерлер президенттик үчүн чабал күрөш жүргүзүштү


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктын» түз ободогу «Эксперттер талдайт» программасына катышып жатып, президенттикке талапкерлердин күрөшү «атаандаштыкта жүрбөй», зериккен маанайды көрсөтүп жатканын билдирди. Анын себебин минтип түшүндүрдү:

«Биринчиден, революциядан кийинки абал болуп жатат. Экинчиден, чынын айтканда талапкерлердин деңгээли абдан төмөн болуп калды. Алар өз деңгээлин көтөрө албай атышат. Баары жеңилип бергенсип эле. Же акчалары жок же рекламалары жок. Же жер-жерлерде агитациясы жок. Соцтармактарда эле бири-бирин жамандап, «кара пиар» кылып атышат. Болгону ошол. Спорттогудай, нокаут кетип калгандай баары эле. Биздин өзүбүзгө ыңгайсыз болуп атат. Талапкерлердин баары эле тааныш да. Ичиңден ойлойсуң, «анда эмне чыкты» деп»

Анын пикиринде, талапкерлер «кара пиарды» да жасай албай, чабал болуп, шайлоодо «драйв жок болууда».

Программага катышкан вице-премьер-министр Максат Мамытканов азыркы шайлоодо мурдагыдай бай, олигарх талапкерлер жок экенин билдирди.

«Эксперттер талдайт» программасы алдыдагы президенттик шайлоого карата даярдыкты талкуулады.

10-январда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум да өткөнү жатат. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG